Кымбаттуу кардар, биз сиз үчүн күн сайын мыкты, пайдалуу жана ыңгайлуу болууга умтулабыз! Биздин иш жөнүндө сиздин пикириңиз биз үчүн абдан маанилүү. «GLOBинспектор» долбооруна катышып биздин команданын мүчөсү болуңуз.
* Долбоорго катышкандарга акы төлөнөт.
Долбоордун (GLOBинспектор) катышуучулары бизге дүкөнгө соода кылуу үчүн келип, ошол эле учурда дүкөндү текшерүү жүргүзүшөт.
Бул кандай иштейт?
Эгер сизди долбоорго катышуу кызыктырса, бизге (WhatsApp, Telegram) +996 701 555 805 номуруна «Я тот кто вам нужен» деген коддуу фразаны жөнөтүңүз.
Андан кийин:
- Сиз дүкөнгө соода кылуу үчүн келесиз;
- Сатып алууларды жасоодо текшерүү баракчасына ылайык соода залдарын сүрөткө тартасыз (буга шилтемени биз сиздин статусуңузду «GLOBинспектор» катары ырастагандан кийин жөнөтөбүз).
- Текшерүү баракчасын толтургандан кийин (WhatsApp, Telegram) +996 701 555 805 номуруна “Текшерүү аяктады” деген текст менен дагы бир билдирүү жөнөтөсүз;
- Биз: «Спасибо, дело сделано!» деп жооп бергенден кийин топтоочу картаңызга 500 бонус чегерилет. 1 бонус = 1 сом.
Дүкөн текшерүү деген эмне?
Бул дүкөндүн тармактын стандарттарына ылайык келиши. Текшерүү үчүн дүкөнгө барып, текшерүү баракчасына ылайык сүрөттөрдү тартуу керек. Текшерүү баракчанын үлгүсү.
Текшерүүдөн мурун:
- Планшетиңизди же смартфонуңузду даярдаңыз;
- Топтоочу картасын жаныңызга алыңыз;
- Текшерүү баракчасын жакшылап карап чыгыңыз.
Текшерүүдөн мурун текшерүү баракчасын басып чыгаруунун кереги жок, жөн гана өзүңүз менен телефонуңузду алып, текшерүү баракчасын карап, мисалда көрсөтүлгөндөй сүрөт тартыңыз.
Маанилүү!
- Текшерүү жүргүзүү учурунда кассадан алган чекке ылайык текшерүүнүн убактысын жана датасын белгилөө;
- Сүрөттөр текшерүү баракчасында көрсөтүлгөн тартипте жөнөтүлүшү керек;
- Сүрөттөр сапаттуу, бозорбогон, тунук жана даана көрүнүп турушу керек. Сүрөттөрдүн түсү өзгөрбөшү кажет жана фильтрленбеши керек;
- Үйгө келгенден кийин 5 сааттын ичинде анкетаны толтуруңуз.
Кандай учурда отчётуңуз кабыл алынбашы мүмкүн?
- Отчётто үчтөн ашык сүрөт болбосо;
- Сүрөттөр сапаты начар жана алар боюнча баалоого болбойт;
- Сүрөттөр текшерүү баракчасынын тартибинде жайгашкан эмес;
- Анкета толтурулган эмес.
«GLOBинспектор» программасынын катышуучусунун суроолоруна жооптор
«GLOBинспектор» программасына кимдер мүчө боло алышат?
- Дүкөндүн мурунку жана азыркы кызматкерлери катышууга болбойт;
- Катышуучуда дүкөндөр тармагынын топтоочу картасы болушу керек жана дүкөндөн айына 2 жолудан кем эмес сатып алууларды жүргүзүшү керек.
Текшерүү канча убакытка созулат?
- Орточо текшерүү 20 мүнөткө созулат.
Программанын катышуучусу канча жолу текшерүү жүргүзө алат?
- Катышуучу айына бир жолу текшерүү жүргүзө алат.
Текшерүү баракчасын ача албай жатам, эмне кылышым керек?
- Текшерүү баракчасы ачылбаса, авторизациядан өткөнүңүздү текшериңиз. Сурап-билүү телефону: +996 701 555 805.
Дүкөндүн кызматкерлери мага байланышка чыкты, мен эмне кылышым керек?
- Кызматкерлер менен кат жазышууга болбойт. Өз ара аракеттенүүгө аракет кылганы боюнча дароо бизге кабарлаңыз. Байланыш телефону: +996 701 555 805.