Сатып алуулардын тизмеси азырынча бош

Сатып алуулардын эрежеси

Урматтуу кардар!

  • Эгер биздин тармактан сапатсыз товар алсаңыз, аны кайтара аласыз же сапаттуусуна алмаштыра аласыз. Бул үчүн товарды жана чекти дүкөндүн администраторуна көрсөтүүңүз абзел. Эгер сиз товардын жараксыздыгын байкасаңыз жана чекти жоготуп алсаңыз, бирок сатып алууну топтоочу карта менен жүргүзгөн болсоңуз, биздин тармактын сall-борбору менен +996 312 91 06 60 номери аркылуу байланышып, суроо-талап калтыра аласыз. Бир жумуш күнүнүн ичинде кардарлар менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери сиз менен байланышат жана акча каражатын кайтаруу же товарды алмаштыруу маселесин чечүүгө жардамдашат.
  • Биздин кассирлер пенсионерлерге, кош бойлуу айымдарга жана жаш балалуу кардарларга товарды салууга жардам берүүгө милдеттүү.
  • Баа көрсөтүлгөн баракчанын баасы менен кассадагы баа туура келбеген учурда, биз товарды баа көрсөткүчтө көрсөтүлгөн баада сатууга милдеттүүбүз.
  • Биздин дүкөндөрдө алкоголдук товарлар жана тамеки 18 жашка чыга элек жактарга сатылбайт.
  • Кызматкерлер одоно мамиле жасаган учурда же дүкөнгө байланышкан башка даттануу пайда болгон учурда, сураныч, бул тууралуу +996 312 91 06 60 номери менен түз байланышка чыгып маалымат бериңиз: дүкөндүн дарегин, күндү жана саатты, бул абалга качан кабылганыңызды билдириңиз же даттанууңузду ар бир дүкөнгө коюлган «сунуш жана даттануу үчүн» тактасына калтырыңыз.