Сатып алуулардын тизмеси азырынча бош

Социадык жоопкерчилик

Үзгүлтүксүз негизде “Кол сунам” Коомдук бирикмесине жана «SOS-Детская деревня г.Бишкек» Коомдун фондуна ай сайын финансылык жардам көрсөтүп турабыз.

«Кол сунам» - бул оор түрдөгү физикалык жана менталдык жактан чектелген балдардын күндүз баруучу борбору.

Бөлүнгөн каражаттар борборду колдоого, гигиеналык каражаттарды, азык-түлүктөрдү, тиричилик химиясын жана башка нерселерди алганга жумшалат.

«SOS-Детская деревня г.Бишкек» - Коомдук фонду – бул балдарга опеканын үй-бүлөлүк формасын жана коомдук жетимчиликти алдын алууну сунган коомдук фонд. Учурда бул фонддо 16 жашка чейинки 85 бала жашайт. Бул фонд Кыргыз Республикасында 20 жылдан бери иш жүргүзүп келет жана жакшы жагын гана көрсөттү.

Бөлүнгөн каражат фонддо жашаган балдардын кошумча, мектептен тышкаркы окуусу үчүн төлөмгө жумшалат.

Жыл сайын 9-май “Жеңиш күнүнө” жана 1-октябрь “Карылар күнүнө” жакын “Палчандар” Коомдук бирикмесине жардам берилет. Бул Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин бирикмеси. Бул уюмга акча каражаты, бирикменин ар бир катышуучусу үчүн азык-түлүк берилет.

Ошондой эле биздин тармакта жаңы жылдын алдында «Кайрымдуулук тартуула» кайрымдуулук акциясы өткөрүлөт. Кардарлар өз үйлөрүнөн физикалык жактан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн белек алып келсе же дүкөндөрүбүздөн сатып алса болот. Чогулган товар жана азык-түлүк республика боюнча уюмдарга берилет.

Ар бир дүкөндө акча каражатын чогултуу кутучулары жайгаштырылыган. Аларга акча каражатын калтыруу менен биздин кардарлар төмөнкү фонддорду өнүктүрүүгө жана колдоого чоң салым кошушат: «Help the children», «Кайрымдуулук үйү» и «Кызыл жарым ай».

Маалымат үчүн. Жардам алууну кааласаңыз расмий кат жазып, биздин кеңсеге алып келүүңуз зарыл. Кат алынгандан кийин 3 күндүн ичинде биздин компаниянын кызматкерлери катты кароонун жыйынтыгын билдиришет.