Сатып алуулардын тизмеси азырынча бош

Бонустарды топтоо шарты

ПРОГРАММАГА КАНТИП КАТЫШУУ КЕРЕК?

Программага мүчөгө болуу үчүн сатып алуучу маалыматтык бөлүмдө акысыз бериле турган топтоочу картаны алуусу зарыл! Картаны алуу үчүн жалгыз шарт – кардар каттоочу анкетаны толтурууга милдеттүү.

Globus тармагынын картасынын бардык артыкчылыктарына ээ болуу үчүн сатып алуу учурунда аны кассирге көрсөтүү зарыл. Кассир сизге картада канча бонус топтолгонун билдирет жана сиз ал менен төлөм жүргүзө аласыз. Ошондой эле кайсы товарлар арзандатуу менен берилгенин биле аласыз.

БОНУСТАРДЫ ЭСЕПТӨӨ ЭРЕЖЕСИ

Бонустар 800 сомдук сатып алуу жүргүзүүдөн баштап эсептелинет. Бул суммадан төмөн болгон сатып алууга бонус эсептелбейт.

Тамеки сатып алуу үчүн бонустар берилбейт, тамеки сатып алуу үчүн сумма акыркы суммага кошулбайт.

БОНУСТАРДЫ ЭСЕПТӨӨ СХЕМАСЫ

800 сомдон 1999 сомго чейинки сатып алуу үчүн сатып алуучунун картасына ар бир жүз сомго 1 бонус, башкача айтканда эгер сиз 930 сомдук сатып алуу жүргүзсөңүз картаңызга 9 бонус которулат.

 

2000 сомдон 4999 сомго чейинки сатып алуу үчүн сатып алуучунун картасына ар бир 100 сом үчүн 2 бонус, башкача айтканда эгер сиз 2250 сомдук сатып алуу жүргүзсөңүз картаңызга 44 бонус которулат.

 

5000 сомдон башталган сатып алуу үчүн картага ар бир 100 сом үчүн 3 бонус которулат. Эгер сиз 5922 сомдук сатып алуу жүргүзсөңүз, картаңызга 177 бонус эсептелет.

 

БОНУСТАРДЫ КОЛДОНУУ

1 бонус =1 сом

Бонустар менен чектин жарымынан көп эмес суммасын төлөөгө болот.

ТОПТООЧУ КАРТАНЫ КОЛДОНУУ ШАРТТАРЫ

  • Топтоочу карта кредиттик, төлөмдүк же банктык карта болуп саналбайт.
  • Карта кардарда болот, картада көрсөтүлгөн жеке номерге ээ.
  • Картаны активдештирүү үчүн кардар анкетаны толтуруусу жана аны GLOBUS дүкөндөр тармагындагы маалыматтык бөлүмдөгү кызматкерге тапшыруусу зарыл. Карталардын ээси тууралуу бардык маалымат жашыруун болуп саналат.
  • Картанын жарамдуулук мөөнөтү чектелген эмес.
  • Картаны активдештирүү мөөнөтү – толтурулган анкетаны маалыматтык бөлүмгө тапшыргандан тарта 20 календарлык күн.
  • Бир адамга бир карта гана тиешелүү болуп саналат.
  • Бир сатып алуучу сатып алуу учурунда бирден ашык картаны колдоно албайт.
  • Бонустарды алуу үчүн кардар төлөм жүргүзүүгө чейин картаны кассага көрсөтөт. Картасын көрсөтпөгөн кардарларга бонустарды чогултуу системасы иштебейт.
  • Картанын артыкчылыктары менен анын ээси гана колдоно алат.
  • Картаны бөлөк адамга берүүгө ТЫЮУ САЛЫНАТ!
  • Карта бузулган (жоголгон, уурдалган) учурда картанын ээси бул тууралуу GLOBUS дүкөндөр тармагынын маалыматтык бөлүмүнүн кызматкерине билдирүүгө милдеттүү.
  • Туруктуу сатып алуучунун жоголгон картасы ээсинин өздүгүн тактаган документин GLOBUS дүкөндөр тармагынын маалыматтык бөлүмүнүн кызматкерине көрсөтүүсүнүн негизинде жабылуусу зарыл.
  • Картаны калыбына келтирүү шарттарын тармактын каалаган дүкөнүнүн маалыматтык бөлүмүнөн тактай аласыз.
  • Туруктуу кардардын картаны колдонуу боюнча эрежелерин билбестик картанын ээлери тарабынан кандайдыр бир сын-пикир айтуусуна негиз боло албайт.
  • Картанын ээси туруктуу кардардын картасын колдонуу боюнча Эржени бузган учурда же форс-мажор абал пайда болгон учурда картаны компания жокко чыгарууга укуктуу. Компания картаны колдонууга байланышкан түз же кыйыр чыгашаларга жоопкерчилик албайт.

БОНУСТАРДЫН ЖАРАМДУУЛУК МӨӨНӨТҮ

Топтолгон бонустар 5 айдын ичинде колдонулушу зарыл! 5 ай аяктагандан кийин топтолгон бонустар күйүп кетет!*