Ар дайым даамдуу маринад!

Универсалдуу маринад:
• Пияз — 2-3 даана (шакекче кылып тууралган)
• Минералдык газдуу суу — 1 стакан (этти жумшартат)
• Май — 2-3 аш кашык
• Туз, мурч, паприка, кургатылган сарымсак
• Бир аз уксус / лимон ширеси (каалоо боюнча)
Секрет: zip-пакеттерде маринаддаңыз — эт толугу менен жабылып, көп орун ээлебейт.
Кеминде 4 саат, колдон келсе түнү бою муздаткычта кармоо сунушталат.