Сатып алуулардын тизмеси азырынча бош

Чоң, заманбап, ыңгайлуу. Globus бишкектиктерди жаңы гипермаркетти ачып кубантты

05.06.2018

1-июнда Түштүк Магистраль менен Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн кесилишиндеги кезектеги чоң гипермаркеттин салтанаттуу ачылышы өттү. Бул жаңы гипермаркеттин ачылышы коноктор үчүн эсте каларлык болду: эстрада жылдыздары, балдар үчүн цирк оюндары, белектер жана көптөгөн арзандатуулар. Бул бир гана башталышы.
Гипермаркет абдан ыңгайлуу жайда, Түштүк Магистраль-Чыңгыз Айтматов (мурдагы Тынчтык кең көчөсү) кесилишинде “Ала-Арча” жаңы соода-көңүл ачуучу борборунун биринчи кабатында жайгашкан.
Аянты 2,5 миң чарчы метр жаңы маркетте 14 миңден түрдүү товарлар бар. Жаңы гипермаркет Globus’тун бардык дүкөндөрүндөй эле санитардык, техникалык жана өрт коопсуздугу боюнча талаптарына жооп берет.
Бул жерде ыңгайлуу кенен унаа токтотуучу жай бар. Анда жарым миң унаа батат.
Globus – Бишкектин бренди 
Globus тармагы борбор калаабыздын накта бренди болуп, жарандардын сүйүктүү жерине айланды. Анткени компания кардарларына абдан кылдат мамиле кылат, алар өз кезегинде тармакты активдүү өнүктүрүүгө жардам беришет.
Globus’тун биринчи гипермаркети болгону үч жыл мурун ачылган. Бүгүн болсо 11 дүкөнү бар, алардын төртү чоң гипермаркеттер.
Жылдын башынан бери эле 3 дүкөн ачылган – “Джал”, “Ак-Босого” жана “Новопавловка”. Компания жарандардын суранычы менен Кыргыз өлкөсүнүн башка аймактарына да чыгууну пландоодо.
Ооба! Баалар дайыма арзан!
Globus’тун гипермаркеттерине жана супермаркеттерине кызыгуу туруктуу өсүп келе жатат. Мунун башкы себептеринин бири – жеткиликтүү баалар. Башында бишкектиктер ушундай ири маркеттерде баалар арзан экенине ишенбей баары кымбат деп туура эмес ойлошчу. Бирок Globus’тан сатып алуу эң пайдалуу экенин убакыт көрсөттү.
Ар бир жаранга Globus’тан!
Globus маркеттери 3 жыл мурун пайда болду. Бирок жарандар жана шаардын коноктору бул маркеттерди абдан жактырып, алар биз менен дайыма болгондой сезилип калды.

 

Жаңылыктардын тизмесине кайтуу