Сатып алуулардын тизмеси азырынча бош

Globus - Ак-Өргөө жаңы супермаркети ачылды!

04.06.2018

Ак-Өргөө районунда Globus супермаркети ачылды.

Бишкекте 4-августта Ак-Өргөө районунда Globusтун жаңы супермаркетинин салтанаттуу ачылыш аземи өткөрүлдү. Ал төмөнкү даректе жайгашкан: Гагарин көчөсү 276/1 Фрунзе көчөсү менен кесилишет.

Тармактын гипер жана супермаркеттеринин масштабдуу ачылыштары – бул шаардыктар үчүн жагымдуу жаңылык жана чыныгы майрам. Супермаркеттин ачылышына арналган салтанаттуу иш-чараларга 7 000ден ашык адам катышты. Күнү бою коноктордун көңүлүн Status шоу-балетинин фьекалары, Non Stop дуэти жана Кубалык Blade Stars тобу ачышты. Көрүүчүлөр конкурстарга катышышты жана даамдуу белектерге ээ болушту.

Ошондой эле бардык каалоочулар бонус топтоо менен сатып алууларда үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берген топтоочу карталарды алышты.

Топтоочу карталарды тармактын каалаган гипер же супермаркетинде маалыматтык бөлүмдө атайын анкетаны толтуруу менен акысыз алууга болот. Анкетаны дүкөндө толтуруу милдеттүү эмес, аны өзүңүз менен алып кетүүгө, үйдө толтурууга жана кайра алып келип ордуна карта алууга болот. Картанын ээлери атайын арзандатууларды гана эмес, түрдүү акцияга катышуу мүмкүнчүлүгүнө жана бир катар кошумча артыкчылыктарга ээ болушат.

Мисалы, туруктуу кардарларга арналган «Бонустун көптүгү – баалардын төмөндүгү» атайын программасына автоматтык түрдө кошулушат. Лоялдуулук программасына катышуу бонустук упайларды топтоого аларды сатып алууда төлөм үчүн колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле туулган күн ээлери Globus тармагынын жеке өндүрүшүнөн чыгарылган товарлардын бөлүгүнө, элиталык алкоголдук продукцияга жана майрамга арналган товарларга 30%дык арзандатуу ала алышат. Ошондой эле чоңдордун жана балдардын туулган күндөрүндө пайдалуу, жагымдуу, керектүү белектерди жана арзандатууларды ала алышат.

«Ак-Өргөө районунун тургундары кезектеги супермаркеттин ачылышын канчалык көпкө күткөнүн биз билебиз. Биз үчүн бул чоң майрам. Биз шаардын баардык бөлүгүндөгү сатып алуучуларга ыңгайлуу болуусу үчүн пайдалуу сатып алууларды жүргүзүүнүн ыңгайлуу шарттарын түзүүгө аракет кылабыз. Бишкекте жакында биздин тармактын мыкты салттары боюнча эки супермаркети ачыла тургандыгын белгилей кетүү керек. Шаардын тургундары Globus-Ак-Өргөө дүкөнүнүн ачылышын кубануу менен кабыл алды деп үмүттөнөм. Себеби, ар бир иш-чара – бул кардарлар менен достошо алган жана келген конокторду түрдүү белектер жана көңүл ачуулар менен кубанта ала турган өзгөчө учур», - деп белгиледи Globus тармагынын маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси Ксения Кочергина.

Globusтун кезектеги долбоору – бул 800 метр квадраттык соода аянты, кенен өтмөктөр, 5 касса, ыңгайлуу парковка.

Жаңы супермаркетте Бишкектин тургундары бардык керектүү нерселерди сатып ала алышат: жаңы азык-түлүк продукту, үйгө жана бакчага арналган товарлар, идиш жуучу каражаттар жана башкалар. Дүкөндөрдө жеке өндүрүшкө өзгөчө көңүл буруларын белгилей кетели. Өндүрүш цехи кардарларга нандын жыйырмадан көп түрүн, отуздан ашуун салаттын түрүн жана даяр ысык тамактарды сунуш кылат. Цех ошондой эле жарым фабрикаттарды жана кондитердик азык-түлүктөрдү чыгарат.

 

Жаңылыктардын тизмесине кайтуу