Сатып алуулардын тизмеси азырынча бош

Globus, "Бишкексүт" жана Tazar App'тан биргелешкен конкурс.

 Globus, "Бишкексүт" жана Tazar App'тан биргелешкен конкурс.
10.04.2023

@bishkeksut жана @tazar.app менен биргелешкен акциябызга катышыңыз жана айлана-чөйрөгө пайда алып келиңиз! 

Кайра иштетилүүчү материалдарды Globus супермаркеттеринин жанындагы кабыл алуу жайларына же Tazar App тиркемеси аркылуу тапшырып, сонун байгелердин бирин утуп алууга мүмкүнчүлүк алыңыз! 

 Конкурска катышуунун шарттары: 

  • Кайра иштетилүүчү материалдарды Globus кабыл алуу пункттарына же Tazar App тиркемеси аркылуу тапшырыңыз;
  • Сүрөттү сториске жайгаштырып, @bishkeksut, @globuskg жана @tazar.app белгилеңиз.

Жума сайын @bishkeksut баракчасында жеңүүчүлөр түз эфирде тандалат. Апрель айында эфирлер 10- 17- жана 24-апрелде болот. Өткөрүп жибербеңиз! 

Маанилүү маалымат! Эмнелерди кайра иштетүүгө болот?

  • Пластик( бөтөлкөлөр, таңгактар, капкактар, тиричилик химиясы жана косметиканын идиштери);
  • Макулатура (Кагаз, эски дептерлер, китептер, чектер, картон ж. б.)
  • Ак жана жашыл айнек идиштер
  • Калай жана алюминий банкалар

Жана ката кетирүүдөн коркпоңуз, анткени бардык таштандылар станцияларда кайра жаңыдан сорттолот. 

Кыргызстаныбызды сиздер менен биргеликте тазараак кылалы! 

Жаңылыктардын тизмесине кайтуу