Сатып алуулардын тизмеси азырынча бош

Компания жөнүндө

Globus дүкөндөрү – Кыргызстандагы ири соода тармактарынын бири! Биздин  дүкөндөр биринчиден сатып алуучуга карата ак ниеттүүлүк жана жакшы  мамиленин негизинде түзүлгөн.

Биз ийгиликке жетүү үчүн узун жолду басып өттүк. Албетте, татаалдыктар  болду, ийгиликке жетүү үчүн көптөгөн тоскоолдуктарды жеңүүгө туура келди.  Араттерибиздин натыйжасында бардык кыйынчылыктарды жеңе алдык.

 

Бизди бир гана идея бириктирди: биз таза иштөөгө мүмкүн экендигин  далилдегибиз келди!

2015-жылдын 19-мартында 7-микрорайондо Аалы Токомбаев көчөсүндө 53/1 (Түштүк магистралы) эң алгачкы Globus ачылган.

Алгач баары ойлогондой ийгиликтүү болгон жок, себеби Бишкек шаарынын жашоочулары көлөмдүү маркеттерге көнүшкөн эмес болчу. Аларда мындай чоң дүкөндөрдө баары кымбат сыяктуу ой болгон. Бирок убакыттын өтүүсү менен элдер бааларды салыштырды, бири бири менен бөлүштү жана оозеки түрдө бири биринен биздин дүкөн тууралуу угушту.

Аягында биз тууралуу кабардар болушту. Биз кийинки кадамды жасап, шаардын түштүк бөлүгүн камтуу менен гана чектелбей анын четине чыгууну дагы чечтик.

Экинчи дүкөн Сокулукта 2016-жылдын 22-июлунда ачылды. Дүкөндүн ачылыш күнүнө 2000ге жакын адам чогулду. Жергиликтүү элдин ыраазы болгон көз караштарына күбө болуп, биз андан дагы көбүрөөк шыктандык.

Үчүнчү дүкөн 2016-жылдын 9-декабрында Лев Толстой көчөсүндө ачылды. Ошол күнү аба-ырайы абдан суук болуп, бирок дүкөндүн ачылышына аябагандай көп адам чогулду жана парковканын дээрлик жарымы толду!

Кийинки дүкөндүн ачылышына биз негиздүү даярданууну чечтик: ачылыш күнү катары «Бишкек» шаарынын күнүн тандап алдык. 2017-жылдын 29-апрелинде ЖЭБдин маңдайында Globus 4 ачылды. Дүкөндүн ачылышында көңүл ачуучу шоу-программалар уюштурулуп, Ата-мекендик эстраданын жылдыздары чакырылды. Адамдардык бактылуу көздөрү бизге мунун бир нерсенин чеги эмес экендигин көрсөттү. Дүкөн жергиликтүү жашоочулардын арасында дароо ийгиликке ээ болду, себеби көпчүлүгү Лев Толстойдогу Globus дүкөнүбүзгө көнүп калышкан болчу.

Убакыт өттүп жатты, биз курулуп келе жаткан жаңы конуштарды көңүл сыртында калтыра алган жокпуз.

Катардагы дүкөн Ак-Өргөөдө 2017-жылдын 4-августунда ачылды. Бул эсеп боюнча бешинчи дүкөн болчу. Жаңы конуштун жашоочулары арзан баалар үчүн абдан кубанышты.

Кийинки эки дүкөндү бир туугандар деп атайбыз. Себеби алар Бишкекте бир жумалык айырма менен ачылышты: Көк-Жардагы Globus 6 2017-жылдын 17-августунда, ал эми Туңгучтагы Globus 7 – 2017-жылдын 25-августунда ачылды.

Жакында эле биздин түз байланышка Ош шаарынын тургуну болгон бир мырза чыкты. Ал Бишкекте болгонун жана дүкөндөрүбүздүн бирине киргенин айтты. Ошондой эле ушул сыяктуу эле форматтагы дүкөндү Ош шаарында ачуу өтүнүчү менен кайрылды. Себеби ал өзүнүн шаарын жана анын жашоочуларын жакшы көрөт. Биз «Эмнеге болбосун?!» деп ойлондук.