Globus’ка 10 жыл: Кыргызстанда алгачкы гипермаркеттен ири соода түйүнүнө чейин

Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча Globus соода түйүнүнүн 70тен ашуун дүкөнү бар. Баары он жыл мурун Бишкек шаарындагы Аалы Токомбаев көчөсүндө алгачкы гипермаркеттин ачылышы менен башталган. Бул өзгөчө күнү биз сиздер менен бирге басып өткөн жолубузду эстеп, тарыхыбыз менен бөлүшүүнү чечтик.
Дүкөндөн да чоңураак
Дүкөнгө баруу – бул жөн гана зарылчылык эмес, ал жашообуздун маанилүү бөлүгү. Күндөлүк керектөөлөрдү сатып алууда же маанилүү окуяларга даярданууда ар дайым алдыга план түзүп, өзүбүз жана жакындарыбыз үчүн эң мыктысын тандаган учур болот. Бүгүнкү күндө керектүү нерселердин баарын бир жерден таап, убактыбызды жана күчүбүздү үнөмдөөгө көнүп калдык. Бирок мындай дайыма эле болгон эмес.
Он жыл мурун Globus’тун биринчи гипермаркети ачылганда бул чыныгы окуя болгон
Эсиңиздеби, гипермаркеттин кең залына алгачкы кадам таштаган учур? Жаркыраган, кең, ыңгайлуу өтмөктөрү жана иреттүү жайгашкан текчелери менен ал дароо эле ыңгайлуулук тартуулаган. Абада жаңы бышкан нандын жагымдуу жыты тараган. Бир жагында мештен алынып жаткан катырак багет менен даамдуу токочтор көзгө урунат. Андан бир аз арыраак чыгыштын жыпар жыттуу татымалдары менен жаңы даярдалган тамактардын жагымдуу жытын сезесиң.
Эң негизгиси, сизди ар бир кардарга жардам берүүгө, өзгөчө маанай түзүүгө жана сооданы жагымдуу кылууга чын жүрөктөн даяр болгон адамдардын командасы тосуп алды.
Globus: жаңы технологиялар жана улуттук даам
Globus алгачкы күндөн тартып заманбап жана инновациялык чечимдерди киргизген. Алгачкы жолу соода залы менен кампа аймагы бириктирилген технология колдонулган. Ошондой эле өз алдынча кулинардык цех жана наабайкана түзүлгөн. Күн сайын жаңы бышырылган нанды сунган электр тандыры, тирүү балыктар сатылган атайын аквариумдар сыяктуу уникалдуу аймактар да пайда болгон.
Соода түйүндөрдүн визиттик картасына европалык соода стандарттары менен улуттук өзгөчөлүктүн айкалышы айланган
Биринчилерден болуп санариптик чечимдер да ишке киргизилген. Дүкөндүн ичинде багыт алууга жардам берген, соода процессин ыңгайлуу жана пайдалуу кылган мобилдик тиркеме иштелип чыккан. Мунун баары өзгөчө атмосфера түзүп, сиз сүйүп калган Globus дүкөнүн ошол калыбында сактап келет.
Алгачкы кадамдардан сүйүктүү жайга чейин
Он жыл бир жылдай эле тез өтүп кетти. Биз сиздер менен бирге өсүп, өнүккөнүбүзгө кубанычтабыз. Сиздердин каалоо-тилектерди угуп, жаңы дүкөндөрдү жана жаңы форматтарды ачып, соода кылууну сиздер үчүн жөн гана ыңгайлуу эмес, жагымдуу да кылууга аракет кылдык.
Бүгүнкү күндө күн сайын 250 000ден ашуун киши Globus’ту өзүнүн ишенимдүү соода жайы катары тандайт. Орточо эсеп менен алганда ар бир кардар бизге айына төрт жолу келет. Бул жылына 12 миллионго жакын сапар дегенди билдирет!
1,5 миллиондон ашуун адам Globus-Bonus лоялдуулук программасына кошулуп, мобилдик тиркемени жана топтоочу карталарды пайдаланып, соода кылууда дагы да көп жеңилдиктерге ээ болууда.
Биздин командада өлкө боюнча 4000ден ашуун кызматкер бар. Алар сиздер үчүн өзгөчө маанай түзгөн, кызматын жан дили менен аткарган уникалдуу адамдар. Себеби Globus – бул жөн гана дүкөн эмес, бул сизди ар дайым күтүп турган жай.
Биз Кыргызстандагы чекене соода рыногунун лидерибиз. Өнүгүп, кеңейип жаткандыгыбызга карабастан, биздин негизги артыкчылыгыбыз өзгөрүүсүз бойдон калууда - ар дайым эң төмөнкү бааларды сунуштоо. Сиздер ар дайым пайдалуу сунуштарга жана жеткиликтүү баага ишенүү үчүн биз бардык күч-аракетибизди жумшайбыз.
- Бүгүн биз туулган күнүбүздү белгилеп жатабыз, бирок белектерди сиздерге тартуулайбыз!
21-март – биз үчүн өзгөчө күн. Бул күнү биз өзүбүздүнмаанилүү мааракебизди гана эмес, жаз, жаңылануу жана үмүт майрамы – Ноорузду дагы белгилейбиз. Ошондуктан, биз сиздер үчүн эки эселенген кубаныч даярдадык!
1000 сомдон жогору сатып алууларда сиз фирмалык шопперди белекке аласыз!
21-мартта биздин өз өндүрүшүбүздүн товарларына 35% чейин арзандатуулар болот.
Маанилүү: Бардык акциялар Globus’тун мобилдик тиркемесин колдонгон жана топтоочу картасы бар сатып алуучулар үчүн гана жеткиликтүү.
Мындан тышкары, 20-21-март күндөрү кызыктуу иш-чаралар өтөт. Сиздер көңүлдүү убакыт өткөрүп гана тим болбостон, кошумча белектерди да утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуздар! Дүкөндөрбүздүн жанында жолугабыз.
20-март
Базар-Коргон (Абдраимов айылы, Аттокуров к., 2/2) — 14:00
Жалал-Абад (Жалал-Абад ш., Абдрахманов к., 10) — 17:00
Балыкчы (Абдрахманов к., 13/2) — 12:00
Чолпон-Ата (Советский к., 36) — 15:00
21-март
Кара-Суу (Кара-Суу ш., Ленин к., 171) — 11:00
Ош (Нурзаман) — 15:00
Каракол (аянт) — 10:00
Урматтуу кыргызстандыктар, 10 жылдан бери биз менен болуп, бизди тандап алганыңыздар үчүн рахмат! Бул бирге жазып жаткан тарыхыбыз.
Жаңылыктардын тизмесине кайтуу