Сатып алуулардын тизмеси азырынча бош

Эс алууну же IPhone 15PROну утуп ал. «Умай Групп» компаниясынан ысык белектердин жайы

Эс алууну же IPhone 15PROну утуп ал. «Умай Групп» компаниясынан ысык белектердин жайы
01.07.2024

«Умай Групп» ата мекендик ритейлер өзүнүн сүйүктүү кардарларын жайдын аптаптуу күндөрүндө кубантууну максат коюп, “Ысык белектердин жайы” байгелүү оюнун уюштуруп жатат.

Миңдеген кыргызстандыктар күн сайын Globus, “Достор”, “Народный” жана SPAR дүкөндөрүнөн сатып алуу жүргүзүшөт.Бул жөн эле адат эмес, чыныгы жакшы салт болуп калыптанды. Сиз каалаган убакта ыңгайлуу жана жарык дүкөнгө кирип, керектүү буюмдарды сатып алышыңызга ишенимдүүсүз. Сизди дүкөндөр ар дайым мыкты сапат жана капчыкка ыңгайлуу баалар менен тосуп аларын билесиз. Бул жай мезгили «Умай Групп» компаниясынын карамагындагы дүкөндөрдө соода кылуу дагы да кызыктуу кыла алды.

Эми кардарларга ыңгайлуу баада сапаттуу товарларды сатып алууну уюштуруудан тышкары,өз кыялдарды ишке ашырууга жана пальма дарактарынын астында эс алууга же көптөн бери кыялданып жүргөн чет жерге барууга уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүлдү.

2024-жылдын 1-июлунан 31-августуна чейин Globus, “Достор”, “Народный” жана SPAR дүкөндөрүндө чоң белектер ойнотулат. Ага катышуу шарттары өтө жөнөкөй болгондуктан, сатып алуучуларга эч нерсе кылуунун кереги жок. Сиз жөн эле сүйүктүү дүкөндөрүңүзгө барып, “Умай Групп” компаниясынын картасын же тиркемесин колдонуп, кеминде 500 сомго товарларды сатып аласыз жана ошол эле учурда акцияга катышкан бир товарды да алышыңыз шарт. Болгону ошол! Сиз бул кадам менен байгелүү оюндун катышуусучу боло аласыз. 500 сомдон жогору ар бир чек үчүн бир купон берилет.

“Умай Групп” компаниясынын дүкөндөрүндө кардардын сатып алуулары пайдалуу жана жагымдуу болушу үчүн ар дайым камкордук көрүлөт. “Ысык белектердин жайы”– бул жөн гана байге ойнотуу акциясы эмес, бул көптөн күткөн кыялды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү.

Байгелүү оюндун өнөктөштөрү Travel Shop туристтик агенттиги, ”Планета электроники” жана iStore дүкөндөрү болуп саналат.

Андыктан оюндун катышуучулары үчүн көп белектер каралган. Эки ай бою жүрүүчү акцияда жума сайын байгелүү оюн уюштурулуп, төмөнкү утуштарга ээ болууга мүмкүнчүлүк бар:

  • 5 миңдик бонуска беш сетрификат;
  • 10 миңдик бонуска беш сетрификат;
  • 10 миңдик бонуска төрт сетрификат
  • «Барьер Эксперт Жесткость» х2 суу тазалагычы («Планета электроники» дүкөнүнүн колдоосу менен)
  • Airpods 2 кулакчындар (iStore дүкөнүнүн колдоосу менен)

Финалдык утуш 2-сентябрда өтөт. Баш байгеге Travel Shop туристтик агенттигинин колдоосу менен 200 миң сомдук саякат сертификаты тапшырылат. Мында жеңүүчү өзү каалаган багытка  барып эс алууга мүмкүнчүлүк каралгандыктан, белектер жашоодо баалуу жана жагымдуу боло алат. 

Мындан тышкары кошумча утуштар төмөнкүлөр:

  • 20 миңдик бонус сертификаттан бешөө;
  • 30 миңдик бонус сертификаттан бешөө;
  • Apple Watch SE (2023);
  • IPhone 15PRO 256 GB;
  • Rondell-МБТ RDE – 1702 үлгүсүндөгү гриль-пресс («Планета электроники» дүкөнүнүн колдоосу менен)

Утушка коюлган буюмдар менен бул жерден таашныша аласыз.

Утушка катышуунун эрежелери менен бул жерден тааныша аласыз.

«Умай Групп» - өлкөдөгү эң ири компания. Бүгүнкү күндө ал Globus, SPAR, “Народный” жана “Достор” төрт ири дүкөндөр тармактары менен супермаркеттерин башкарат. Компаниянын бүгүнкү күндө 130дан ашык дүкөнү жана 65 миң чарчы метрден ашык соода аянты бар.

Жаңылыктардын тизмесине кайтуу