Сатып алуулардын тизмеси азырынча бош

Эми сузактыктар билишет: Ооба, Глобуста баалар ар дайым төмөн!

20.11.2023

Миңдеген кыргызстандыктар сүйгөн соода түйүнү өлкө боюнча кеңири, ишенимдүү кадамдар менен жылып баратат. Бүгүн Globus дүөндөр тармагынын 57-дүкөнү Сузак шаарынын конокторуна жана тургундарына эшигин ачты.
16-ноябрда шаардын борбордук базары күндөгүдөн ары шаңдуу, көңүлдүү жана эл көп болду, анткени Сузак шаарынын тургундары Globus дүкөнүнүн ачылышына келишти. Сузактыктар Globus өз аймагында ачылаарын көптөн бери чыдамсыздык менен күтүп жүрүшкөн. Бул тармактын Сузактагы биринчи дүкөнү, бирок облустагы биринчи дүкөнү эмес: Жалал-Абад облусунда бул 5-дүкөн!

"Сузактыктар шаарда базары бар экенине карабай, Глобустан содаа кылуу үчүн Жалал-Абад шаарына барышчу. Эми Глобустан алыска баруунун кереги жок, биз жакынбыз", - дейт дүкөндүн директору Камил Муктаров.

- Камил, чындыгында сиздердин дүкөн уникалдуу жерде жайгашкан.
- Эки эсе уникалдуу деп айтат элем. Биринчиден, биз так борбордо жайгашканбыз, демек, жашоочулардын бизге келүүсүнө абдан ыңгайлуу. Баардык инфраструктура жакын: банктар, өнөр жай ишканалары, шаардык кеңеш, конуштар ж.б. Экинчиден, биз шаардын борборунда гана эмес, жергиликтүү базардын да борборунда жайгашканбыз. Бирок биз рынок менен атаандаштыктан коркпойбуз!

- Эмнеге? Эл базардан соода кылганга көнүп калган жокпу?
- Анткени базарда биздикиндей пайдалуу акциялар жана атайын сунуштар жок - бул анык! Ал эми тармактык карта же мобилдик тиркеме менен мындан да көп бонустар бар: алар менен сатып алуулар үчүн төлөй аласыз, жеке арзандатууларды жана пайдалуу сунуштарды ала аласыз, ошондой эле утуштарга жана белектерге катыша аласыз.
Кошумчалай кетсек, жергиликтүү тургундардын Globus тууралуу кабары бар жана биздин ачылышыбызды чыдамсыздык менен күтүшкөн.
Дүкөн эшигин ача электе эле бизден күнүгө ондогон адамдар "Качан ачасыңар?" деп сурашчу, бул чындап эле алар ушул күндү чыдамсыздык менен күтүшкөнүн айгинелейт.

- Бул Express форматындагы дүкөн, туурабы?
- Бул Globus Экспресс жана Береке форматында. Башкача айтканда, биз мында спирт ичимдиктерин жана чочко этинен жасалган азыктарды сатпайбыз. Биздин Globus Express компаниясында 33 адам иштейт, алардын бардыгы Жалал-Абад облусунун тургундары. Globus бүгүн өлкөдөгү эң ири дүкөндөрдүн бири. Кыргызстанда ал бир нече форматта көрсөтүлөт: гипермаркет, супермаркет жана “экспресс”, ошондой эле алкоголдук ичимдиктер менен чочконун эти сатылбаган “Береке” форматында.


- Камил, сиз азыр болгону 22 жашта болсоңуз да дүкөндүн директорусуз – бул Umai Group компаниясынын жетекчилигинин олуттуу ишеними.

- Ооба, бул менин директорлук кызматты биринчи аркалашым. Бул албетте ары жоопкерчиликтүү иш, мен да жөндөп кетсем экен деп кабатырланып, Бирок мен процесстен абдан шыктандым; бардык жаңы нерселер мага түрткү берет. Менин иш күнүм саат 08:00дө башталат. Мен эрте келгенге аракет кылам, себеби кесиптештерге үлгү болуш керек. Мен күн сайын кесиптештериме компаниянын иш стандарттары жана биз үчүн өтө маанилүү болгон компаниянын баалуулуктары жөнүндө айтып берем.
Сузактыктар үчүн ачылышыбыз чоң жана жаркын окуя болуп калганына абдан кубанычтамын.
Баарын арзан баада Globus дүкөнүнөн сатып алууга чакырабыз.

Шилтеме:

Белгилей кетсек, Globus - бул ата мекендик ири чекене соода оператору Umai Group тарабынан башкарылган дүкөндөр тармагы.
Компания Кыргызстандын тургундарына төрт соода түйүнү аркылуу тааныш:
- Globus
- «Народный»
- «Достор»
- SPAR

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жаңылыктардын тизмесине кайтуу