Сатып алуулардын тизмеси азырынча бош

Ысык август жана ысык ачылыштардын кезеги.

04.06.2018

Тармактын гипер жана супермаркеттеринин көлөмдүү ачылыштары ар дайым шаңдуу маанайда өтөт жана балдарга, чоңдорго жагымдуу маанай тартуулайт. Супермаркеттин ачылышына арналган салтанаттуу иш-чарага жакынкы райондордун жашоочулары гана катышкан жок. Бул жолу коноктордун көңүлүн балдардын аниматорлору жана цирк артисттери ачышты. Ошондой эле сахнада Кайрат Примбердиев жана Гүлжигит Калыков чыгармаларын тартуулашты. Салттуу конкурстар жана тармактын өнөктөштөрүнүн чоң белектери менен коштолду.

«Бүгүн бизде чыныгы майрам. Супермаркеттин биздин райондо ачылышын көпкө күттүк. Эми күндө соода кылууга келебиз, себеби мурун Көк-Жарда татыктуу соода чекити жок болчу. Globus тармагына бул белеги үчүн ыраазычылык билдиребиз. Аны жергиликтүү тургундар гана эмес тоого эс алууга бара жаткан шаардык тургундар дагы жогору баалашат деп эсептейбиз. Эми баардык керектүү нерсени жолдо баратып сатып алууга болот» - деп белгиледи ачылыштын коногу Улук Жумагулов.

Ошондой эле бардык каалоочулар бонус топтоо менен сатып алууларда үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берген топтоочу карталарды алышты.
 

Топтоочу карталарды тармактын каалаган гипер же супермаркетинде маалыматтык бөлүмдө атайын анкетаны толтуруу менен акысыз алууга болот. Анкетаны дүкөндө толтуруу милдеттүү эмес, аны өзүңүз менен алып кетүүгө, үйдө толтурууга жана кайра алып келип ордуна карта алууга болот. Картанын ээлери атайын арзандатууларды ала алышат, бонустук упайларды топтой алышат жана алар мене сатып алууда төлөм жүргүзө алышат, 1 бонус = 1 сом. Ошондой эле туулган күн ээлери Globus тармагынын жеке өндүрүшүнөн чыгарылган товарлардын бөлүгүнө, элиталык алкоголдук продукцияга жана майрамга арналган товарларга 30%дык арзандатуу ала алышат. Ошондой эле балдарынын туулган күндөрүндө пайдалуу, жагымдуу, керектүү белектерди жана арзандатууларды ала алышат.

«Бүгүн биз Globus тармагындагы алтынчы дүкөндү ачып олтурабыз жана биринчи жолку ачылыштай толкундануудабыз. Себеби биз үчүн эң негизгиси – кардарлардын ыраазы болуусу, аларга майрамдын жана жаңы супермаркеттин жагуусу. Август абдан мазмундуу айлардан болду. Жакында эле, 4-августта Ак-Өргө районунда супермаркеттин ачылышы болду. Бүгүн Көк-Жардын тургундарын кубанттык. Ал эми 25-августта Туңгуч микрорайонундагы көптөн күткөн супермаркеттин ачылышы өткөрүлөт. Биз үчүн шыктануу жана негизги сыйлык – бул кардарларыбыздын социалдык желелерде, сайтта жана «Түз байланышта» биз тууралуу айткан чексиз жагымдуу сын-пикирлери», - дейт Globus тармагынын кардарлар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Захаров Роман.

Globus -Көк-Жар – бул 900 метр квадраттык соода аянты, кенен өтмөктөр, 5 касса, ыңгайлуу парковка.

Жаңы супермаркетте Бишкектин тургундары бардык керектүү нерселерди сатып ала алышат: жаңы азык-түлүк продукту, үйгө жана бакчага арналган товарлар, идиш жуучу каражаттар жана башкалар. Дүкөндөрдө жеке өндүрүшкө өзгөчө көңүл буруларын белгилей кетели. Өндүрүш цехи кардарларга нандын жыйырмадан көп түрүн, отуздан ашуун салаттын түрүн жана даяр ысык тамактарды сунуш кылат. Цех ошондой эле жарым фабрикаттарды жана кондитердик азык-түлүктөрдү чыгарат.

 

Жаңылыктардын тизмесине кайтуу