Сатып алуулардын тизмеси азырынча бош

Globus-Тунгуч жаңы супермаркети!

04.06.2018

Globus-Тунгуч жаңы супермаркети төмөнкү даректе орун алган: Анкара көчөсү, 38. Ачылышка 6 500дөн ашуун адам катышты. Салт катары конокторго конкурстар жана белектер, концерттик программа жана пайдалуу сатып алуулар тартууланды. Жаңы супермаркетте Бишкектин тургундары бардык керектүү нерселерди сатып ала алышат: жаңы азык-түлүк продукту, үйгө жана бакчага арналган товарлар, идиш жуучу каражаттар жана башкалар. Дүкөндөрдө жеке өндүрүшкө өзгөчө көңүл буруларын белгилей кетели. Өндүрүш цехи кардарларга нандын жыйырмадан көп түрүн, отуздан ашуун салаттын түрүн жана даяр ысык тамактарды сунуш кылат. Цех ошондой эле жарым фабрикаттарды жана кондитердик азык-түлүктөрдү чыгарат.

«Туңгуч» микрорайонундагы супермаркет – Globus тармагынын жетинчи дүкөнү экенин белгилей кетүү зарыл. Globusтун алгачкы гипермаркети 2015-жылы ачылган.

«Биз үчүн шаар тургундарына төмөнкү баага жана түрдүү товарга ээ ыңгайлуу дүкөндөрдү куруу гана эмес, жаңы жумуш орундарын түзүү дагы маанилүү. Эки жылдын ичинде биз 800дөн ашуун адамды жумушка орноштурдук. Биздин кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин бардык ченемдери боюнча жумушка орноштурулганын белгилей кетүү керек. Кызмат көрсөтүүнүн жогорку сапатын камсыз кылуу үчүн бардык кызматкерлер биздин окуу борборубуздун базасында окутуудан өтүшөт. Мындай жол менен биз ар бир кесиптешибизге өзүнүн потенциалын ачууга жана ийгиликтүү карьера курууга мүмкүнчүлүк беребиз. Дүкөндөрдүн учурдагы дээрлик бардык менеджерлери компаниядагы эмгек жолдорун сатуучудан же кассирден баштаган. Мунун натыйжасында иштин бардык спецификасын билишет жана кардарларга жагымдуу жагдай жаратууну дагы билишет», - дейт Globus тармагынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси Нураим Айбашова.

Ал ошондой эле «Туңгуч» микрорайонундагы жаңы супермаркетте 70 кызматкер жумушка киргенин белгиледи.

«Микрорайондун көптөгөн жашоочулары администрациядан дал ушул дүкөн тууралуу көп жолу сурашканын билем. Анын ачылышын биз – жаңы кызматкерлер дагы чыдамсыздык менен күттүк. Биздин аркабызда олуттуу окутуу, ал эми алдыбызда көптөгөн иштер турду жана мен буга абдан кубанычтамын. Жетекчилик кызмат көрсөтүүгө жоопкерчиликтүү мамиле жасайт, ошондуктан жумуш башталардан бир ай мурун окутуудан өттүк жана сынактарды тапшырдык. Менин дүкөндө иштөө тажрыйбам бар болчу. Бирок мен көп нерсени билбейт экенмин. Ошондуктан окутуу мен үчүн пайдалуу болду. Мындай олуттуу тармакта иштөөдө мыкты жана профессионал болуу каалоосу пайда болот» - деди супермаркеттин кызматкери Анвар Исаев.

Globus дүкөндөр тармагында август жемиштүү болду. Азыр тармактын командасы борбордо гана эмес Кыргызстандын башка региондоруна дагы аналган жаңы долбоорлорду даярдап жатат.

 

Жаңылыктардын тизмесине кайтуу