Сатып алуулардын тизмеси азырынча бош

«Жылдык» жыйналыш!

«Жылдык» жыйналыш!
04.06.2018

Жыл сайын биздин компанияда февралдын биринчи числосунда «Жылдык» жыйналыш өткөрүлүп, анда өткөн жылдын жыйынтыгы чыгарылат. 2018-жылдын 6-февралында дал ушундай жыйналыш өткөрүлүп, дүкөндүн эң мыкты сатуучулары, кассирлери, ашпоздору, кулинарлары, кондитерлери, администраторлору жана менеджерлери сыйланды.

Бул күнү Promzona клубу сыйлыкка ээ болгон 200дөн ашык кызматкерли чоң фуршеттин айланасына топтоду.

Биз кызматкерлерибизди салтанаттуу түрдө төмөнкү номинациялар боюнча сыйладык:

  • «Компаниянын эң берилген кызматкери»
  • «Эң ак ниеттүү жана тартиптүү кызматкер»
  • «Командадагы» эң мыкты оюнчу»
  • «Эң жогорку иштин сапатына ээ кызматкер»
  • «Эң жыйынтыктуу кызматкер»
  • «Эң энергиялуу кызматкер»
  • «Эң демилгечи кызматкер»
  • «Эң жоопкерчиликтүү кызматкер»
  • «Эң кыраакы кызматкер»
  • «Эң мыкты кызматкер» жана номинациялардын гранд-приси жана «Өзгөчө кызматы үчүн» номинациясы».

Жылдын эң мыкты кассирлерине жана сатуучуларына, «Кесиби боюнча эң мыкты» конкурсунун жеңүүчүлөрүнө белектер тапшырылды: грамоталар жана Samsung маркасындагы уюлдук телефондор.

Биздин тармакта ар бир кызматкер сыйланат, бааланат жана ар бир эмгеги үчүн сыйлык берилет!

«Жылдык» жыйналыш – бул жетишкен ийгиликтерге кубануу жана жаңы максаттарды коюу үчүн гана мүмкүнчүлүк эмес, кесиптештер менен жеңил жана эркин атмосферада маектешүү мүмкүнчүлүгү.

Биздин компания кызматкерлердин натыйжасында ийгиликке жетет жана бийик чокуларды багынтат деп ишенебиз!

Жаңылыктардын тизмесине кайтуу