Сатып алуулардын тизмеси азырынча бош

«Эл аралык айымдар күнү»

«Эл аралык айымдар күнү»
04.06.2018

«Эл аралык айымдар күнү» айымдарга жылмаюу, гүл жана белектер тартууланган күн. Келгиле XX кылымдын башталышына кайтып барып, бул майрамдын тарыхына көз жүгүртөлү..

1908-жылдын 8-мартында Нью-Йорктогу аялдар уюмунун чакырыгы боюнча аялдардын тең укугу жөнүндө лозунгдар менен митинг өткөрүлгөн. 15 000ден ашык аял жумуш күнүн кыскартууну жана эркектер мене бирдей шарттагы эмгек акысын төлөө талаптары менен бүтүндөй шаарды марш менен басып өтүшкөн. Мындан тышкары, аялдарга шайлоо укугун берүү талабы дагы коюлган.

1910-жылы Клара Цеткин эл аралык айымдар күнүн белгилөөнү сунуш кылган. Башкача айтканда, бул күнү аялдар митингдерди жана иш-чараларды коомдун алардын көйгөйлөрүнө көңүл буруусу үчүн өткөрүү.

Учурда 8-мартты майрамдоо айымдарга гүл жана белек берилүүчү турукташкан салтка айланды. Муну менен бирге «бул күндүн алгачкы мааниси – бир жынысты дискриминациялоого каршы күрөш эчак унутулду» жана мунун жыйынтыгында бул күн «айымдардын майрамы катары» белгиленип калды. Баарынан кызыгы, мырзалар майрамдын ээлерине салыштырмалуу бул майрамга өзгөчө мамиле жасашат.

Биз белектерди тандоодо баары карбаластаган күндү жеңилдетүүгө аракет кылдык. Айымдарыңыздарга белек тандоодо бизге баш багууну сунуш кылабыз.

Жаңылыктардын тизмесине кайтуу