Сатып алуулардын тизмеси азырынча бош

Globus тармагынын бардык дүкөндөрүндө жума сайын «Де малыш күнүнүн жарманкеси» өткөрүлөт

Globus тармагынын бардык дүкөндөрүндө жума сайын «Де малыш күнүнүн жарманкеси» өткөрүлөт
04.06.2018

2017-жылдын ноябрынан тарта Globus тармагынын бардык дүкөндөрүндө «Дем алыш күнүнүн жарманкеси» жума сайын өткөрүлүүчү акция башталды. Бул убакыт ичинде акция биздин тармактын көптөгөн сатуучулары тарабынан сүймөнчүлүккө ээ болду.

Бүгүн сиздерге бул акциянын идеясы кантип пайда болгонун жана аны эмнеге жүзөгө ашырганыбызды айтууну чечтик. Биз элдерге дүкөндөрүбүздөгү баалар башка соода чекиттерине салыштырмалуу гана эмес, базарлардагы баалардан дагы төмөн экенин көрсөткүбүз келди. Көптөр азыркы убакытка чейин базарларда гана эң төмөнкү баада сатып алуу жүргүзүүгө болот деп эсептешет. Бирок бул өзгөргөн!!! «Дем алыш күнүнүн жарманкеси» туруктуу сатып алуучулардын арасында абдан популярдуулукка ээ болду жана көптөгөн жаңы кардарларды тартууга мүмкүнчулүк берди. Борборубуздун дагы да көбүрөөк жашоочулары биздин слоганыбызга кошулушууда: «Ооба! Globus тармагында баалар ар дайым төмөн!»

Төмөн баалардан сырткары биздин тармакта бир катар башка артыкчылыктар дагы бар. Мисалы – акысыз, ыңгайлуу жана корголгон парковка. Сиз мындан ары парковка үчүн орун издеп же орун жоктугунан унааны коңшу көчөгө таштап убара болбойсуз. Сиздин сатып алынгандарды унаага чейин көтөрүп баруунун, парковкага акы төлөөнүн жана унаанын коопсуздугу үчүн тынчсыздануунун кереги жок.

Залдар таза, кенен. Ылайда же суунун үстүндө туруп товар тандоо ыңгайсыз, туурабы? Сиздин ыңгайлуулугуңуз үчүн залдарда тележкалар жана себеттер бар, сатып алган товарларыңызды колуңузда көтөрүп жүрүүнүн кереги жок.

Кызматкерлер. Биздин жайдары кызматкерлер сизди кызыктыргын товарды тандоого жардам беришет жана сизге тандап алган товарыңыздын мүнөздөмөсү тууралуу сөзсүз маалымат беришет.

Регламенттеген документтердин болушу. Базардагы сатуучулар сатып жаткан товарларынын аныктыгын жана өндүрүшүн сертификаттар менен тастыктай алышпайт.

Товарды кайтаруу. Эгер сиз кандайдыр бир критерий боюнча туура келбеген товарды алып алсаңыз, биздин тармакта аны алмаштырсаңыз же акысын кайтарып алсаңыз болот.

Коопсуздук. «Чөнтөкчүлөр» - заманбап базарлардын эң чоң көйгөйү. Көпчүлүгүз жок дегенде бир жолу мындай жагымсыз окуяга дуушар болсо керек. Өзүңүздү дагы бир жолу коркунучка түртүүнүн эмне кереги бар? Globus дүкөндөр тармагында сиз коопсуздук кызматынын кыраакы көз карашынын алдындасыз. Бизде чөнтөк ууруларынан коркпостон, тынч товар тандай аласыз.

Накталай каражат зарылчылыгы. Биздин дүкөндөрдө сатып алууларыңызга каалаган банктык терминалды колдонуу менен накталай эмес каражат менен төлөм жүргүзө аласыз.

Албетте, топтоочу карталарды колдонуучулар үчүн лоялдуулук программасы. Биздин топтоочу карталардын жыйынтыгында, сиз сатып алуу үчүн арзандатуу жана белек гана албайсыз. Сиз cashback деп аталган ( англ. cashback же амер. cash back — накталай акчаны кайтаруу) кийинки сатып алуучулар үчүн төлөм жүргүзө ала турган бонустарга ээ болосуз

Сөздүн аягында «Дем алыш күн жарманкеси» акциясы жума сайын Globus тармагынын бардык дүкөндөрүнө өткөрүлөрүн эске сала кетели. Топтоочу карталарыңызды унутпаңыз! Бизге келип туруңуздар:)


 

Жаңылыктардын тизмесине кайтуу