Сатып алуулардын тизмеси азырынча бош

Globus тармагынын ишинин негизги багыттарынын бири – сатып алуучунун коопсуздугу!

Globus тармагынын ишинин негизги багыттарынын бири – сатып алуучунун коопсуздугу!
04.06.2018

Globus тармагынын ишинин негизги багыттарынын бири – сатып алуучулардын коопсуздугу! Биздин тармактын ар бир сатып алуучусу пайдалуу сатып алуу жүргүзүүсү жана муну менен бирге өзүн коопсуз сезүүсү биз үчүн маанилүү! Биздин кылдат коопсуздук кызматыбыз өздөрүнүн милдеттерине өзгөчө көңүл бурушат жана сатып алуучулар менен иштөөнүн ыкмаларын өркүндөтүп турушат. КК кызматкерлери, сатуучулар, кассирлер, техникалык жана административдик персонал квартал сайын түрдүү семинарларга жана окутуучуларга катышат жана бул семинарлар Джунушев Бакыт Алиевичтин жетекчилигинде эмгекти коргоо ички кызматы тарабынан өткөрүлөт. 4-апрелде Globus-1де пландан тышкаркы эвакуация боюнча окутуу болуп өттү.

Окутууда «акыркы» адамдын чыгуу убактысы белгиленди жана өзгөчө кырдаал пайда болгон учурда аракеттенүүнүн эффективдүүлүгү боюнча так чаралар иштелип чыкты.

Баары так жана уюштурулган абалда өттү – ар бир кызматкер тез, бирдиктүү жана ыкчам иштеди. Бардык кирүү жана чыгуу эшиктери, ошондой эле бүтүндөй имарат боюнча коопсуздук системасынын иши текшерилди. Жалпысынан алганда эвакуацияга 4 мүнөт 27 секунда кетти.

Жаңылыктардын тизмесине кайтуу