Сатып алуулардын тизмеси азырынча бош

Өздүк өндүрүш

Сиз Globus тармагынын “Жеке өндүрүшү” багыты боюнча маалымат бериле  турган “даамдуу” бөлүмдөсүз. Биз бул багыт менен сыймыктана турганыбызды жашырбайбыз!

Биздин тармак ашпоздорубуздун өзгөчө аракет жана берилүү менен жасаган,  жеке өндүрүшүбүздөн чыгарылган продукция менен таанылды.

Эттен, тоок этинен жана балыктан жасалган түркүн ысык тамактар, түрдүү  салаттар, закускалар жана десерттер биздин тармактын сатып алуучулары тарабынан сүймөнчүлүккө ээ болду.

Күн сайын Сиздер үчүн нандын 10 түрү, 20 ашык салаттын түрү жана ошол эле санда даяр ысык тамактар жасалат.

Заманбап жабдыктар даамдуу тамактарды аларга кошулган продуктынын пайдалуу өзгөчөлүктөрүн сактоо менен даярдоого мүмкүнчүлүк берет. Биз чыгарган продукциянын сапатына ишенсеңиз болот, себеби өндүрүштүн ар бир баскычында рецептуранын жана техникалык-технологиялык картанын сакталуусуна контрол жүргүзгөн жооптуу кызматкер бар. Азык-түлүк өндүрүшүнүн процессине жана санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышына сапатты контролдоо бөлүмүнүн кызматкерлери кылдаттык менен көзөмөлдөшөт. Сатып алуучуларга өндүрүлгөн продукциянын сапатына кепилдик берүү үчүн биз келген сырьенун жана чыгарылган продукциянын сапатын көзөмөлдөө жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ХАССП системасын жүзөгө ашырдык.

Эң негизгиси, биз колдонгон сыренун 95%ы Кыргызстанда өндүрүлөт же өстүрүлөт, андан кийин Globus тармактарында Сиздер үчүн даярдалат. Биздин ашпоздор ай сайын ассортиментке дегустациялык сунумда даамын татып көрүүгө мүмкүн болгон жаңылыктарды киргизип турушат. Бизге келип туруңуздар жана сын-пикирлериңиздер менен бөлүшүңүздөр! Ойлоруңуздар биз үчүн абдан маанилүү!

Сиздерди күтөбүз жана Сиздер үчүн даамдуу тамактар даяр!